Манас шаарында адвокат айыпталып жаткан кардарынын жубайынан 6 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, жаран жактоочунун үстүнөн арыз жазган. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, жактоочу сот органдарында байланыштары бар экенин айтып, айыпталуучуга оң чечим чыгарууга көмөктөшөм деген жүйө менен анын жубайынан 6 миң доллар талап кылган.
УКМКнын маалыматына ылайык, 17-июлда жаран талап кылган акчанын бир бөлүгү- 4 миң долларды алып жаткан учурда кармалган.
Манас шаардык соту шектүүгө карата тергөө аяктаганга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады.
Учурда кылмыштын бардык жагдайларын тактоо жана бул ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.



