7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан Афганистанга 120 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

745

Кыргызстандан Афганистанга гуманитардык жардам жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 25-сентябрда жөнөтүлгөн 120 тонна азык-түлүктөн турган гуманитардык жардам 28-сентябрда жерине жеткирилди.

Жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде уюштурулду.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын февраль айында бир нече өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин башын бириктирген регионалдык жыйында, БУУнун 78-сессиясында да Афганистанга жардам берүүгө чакырык таштаган.

Кыргызстандан буга чейин да аталган өлкөгө азык-түлүк, кийим-кечелер, балдар үчүн оюнчуктар жана дары-дармектер жеткирилген.

746