7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын 8 дарыгери Түркияда жилик чучугун алмаштырууну өздөштүрүүдө

593

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын «Инөнү» университетинин ортосундагы кызматташуу боюнча кол коюлган келишимдин алкагында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлер, лаборанттар жана медайымдар кирген 8 адамдан турган дарыгерлер тобу Түркиянын Малатья шаарына келишти.

«Инөнү» университетинин клиникасында дарыгерлер тобу окутулуп, жилик чучугун алмаштыруунун технологиясын өздөштүрүшөт. Бул университеттик клиника чоңдор жана балдар үчүн органдарды, анын ичинде жилик чучугун трансплантациялоо операцияларын жасайт.

Эскерте кетсек, 11-12-январында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев клиникасы органдарды трансплантациялоо боюнча беш эң мыкты мекеменин бири болуп саналган Түркиянын «Инөнү» университетинде болгон. Иш сапардын жыйынтыгында КР Саламаттык сактоо министрлиги менен «Инөнү» университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.

 

594