7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат

1371

Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети «Кыргызстандын калкынын жашоо деңгээли» басылмасында кабарлаган.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын башына карата өлкөдө 65 жана андан жогорку курактагы адамдардын саны 378,1 миңди түзгөн. Бул жалпы кыргызстандыктардын 5,4 пайызын түзөт.

БУУнун шкаласы боюнча, 65 жаштан ашкан адамдардын саны жалпы калктын төрт пайызынан төмөн болсо, мындай өлкөнүн калкы жаш деп саналат. Ал эми үлүш 4-7 пайыздык аралыкта турса, калк карылыктын босогосунда турат делет, эгерде жети пайыздан жогору болсо, өлкөнүн калкы улгайган деп эсептелет. Мындай эсептөөлөрдөн улам Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат деп айтылды.

Бирок бул сандар КМШнын башка өлкөлөрүнүн көрсөткүчтөрүнөн кыйла төмөн экени белгиленген. Мисалы, быйылкы жыл башына карата Азербайжан менен Казакстанда 65 жаштан өткөн жарандардын үлүшү 8,5 пайызды, Россия менен Беларуста 16,5 пайызды түзгөн.

Статком «БУУнун болжолу боюнча, Кыргызстанда мындай тенденция 65 жана андан жогорку жаштагы улгайган адамдардын үлүшү жети пайызга жакындаган учурда, болжол менен 2030-жылдарда башталат», — деп белгилеген.

1372