7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын салык тутумуна кайтарамсыз техникалык жардам көрсөтүлөт

459

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында РФ тарабынан КРше кайтарамсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиевдин айтымында, бул келишимдин негизинде Россия тарап Кыргызстанга кошумча нарк салыгын көзөмөлдөөнү жана адистештирилген көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуу аркылуу чекене сатуу тармагындагы товарлардын жүгүртүлүшүнө көзөмөлдү жакшыртуу максатында техникалык жардам берилет.

«Ошону менен бирге, салыктын көзөмөлдүн бул тармактарында пайдаланылчу усулдар да иштелип чыкмакчы. Мындай иштиктүү аракеттер көмүскө экономиканын деӊгээлин төмөндөтүүгө жана салыктык башкарууну жакшартууга өбөлгө түзөт», — дет баяндамачы.

Талкуу жыйынтыгында тармактык комитеттин төрагасы Эмил Токтошев депутаттарды мындай техникалык жардамдарды алуу менен, кандайдыр бир деӊгээлде өзүбүздүн колу-бутубузду байлап албайбызбы деген маселе түшөлүп жатканын белгиледи. «Бул келишим парламент жыйынында каралганга чейин аны дагы бир кылдат карап чыгып, так жообун берип койгула», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

460