7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалпы республикалык тестирлөө 9-апрелде аяктайт

659
Ушул аптанын жума күнү, тагыраагы Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) абитуриенттерди онлайн каттоо аягына чыгат. Бул боюнча Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чинара Батракеева жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып билдирди.
Анын айтымына караганда, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн каттоо жүрүүдө.
«ЖРТга онлайн каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтынын электрондук платформасында 26-февралда башталган. Ушул аптанын аягында, атап айтканда, 9-апрелде каттоо аяктайт», — деп билдирди Чинара Батракеева.
ЖРТга каттоо үчүн керектүү документтер:
1. Паспорт (паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
3. Талапка ылайык келген электрондук сүрөт (түстүү, ачык фондо, кыйшайбай түз туруп түшүү зарыл);
4. Орто билим жөнүндө аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү).Талапка ылайык документтер толук же туура болбосо каттоодон өтө албай калышы мүмкүн. Тест 2021-жылы 17-майдан 23-майга чейин өткөрүлөт. Өлкө боюнча бардыгы болуп 120га жакын тест борбору уюштурулат.

Белгилей кетсек, былтыркы жылы ЖОЖдорго абитуриенттерди бюджеттик негизде кабыл алуу 110 балл болсо, ал эми келишимдик ( контракт) 105 балл каралган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

660