7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Кореянын төрагаларынын жолугушуусу болду. Эмнелер талкууланды?

799

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарына расмий иш сапары менен келген Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы байланыштардын жогорку деңгээлде экени белгиленди. Талант Мамытов Төрага Пак Бён Сок баштаган парламенттик делегациясынын бул иш сапары эки өлкөнүн мындан аркы алакасын арттырууга зор салым кошот деген ишеничте экенин билдирди.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш Корея Республикасынын Улуттук жыйыны менен түзүлгөн байланышка артыкчылыктуу маани берээрин белгилеп, парламенттер аралык кызматташтыкты депутаттык достук топторунун, тармактык комитеттердин жана комиссиялардын деңгээлинде өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.
Муну менен катар Талант Мамытов Жогорку Кеңеште Түштүк Корея менен кызматташуу боюнча депутаттардын достук тобу бар экенин маалымдап, парламенттик алакаларды кеңейтүү багытында ушундай эле достук тобун Кореянын Улуттук жыйынында да уюштуруу менен тармактык комитеттердин жана комиссиялардын байланышы үчүн пайдубал түзүүнү сунуштады.

Жолугушууда соода-экономикалык байланыштар да талкууга алынып, товар алмашуунун деңгээлинин төмөндүгүнө карабай бул жаатта эки өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү арбын экени айтылды. Талант Мамытов Кореяга таза экологиялык айыл чарба азыктарын сатуу маселесине токтолуп, анын ичинен бал жана кургатылган жемиштерди мисал кылды.
Муну менен катар маданий-гуманитардык алакалардын жогорку деңгээлде экенин канаттануу менен белгилеген Төрага: «Кыргызстанда Кореянын заманбап кинематография жана музыка өндүрүшү кеңири жайылгандыгына байланыштуу корей тилине кызыккандар арбын, айрыкча жаштар көп. Азыркы тапта 350дөн ашуун кыргызстандык студент Кореянын жогорку окуу жайларында билим алышууда», — деди. Ошондой эле Кыргызстандык студенттер үчүн бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады.

Андан сырткары, коронавирус илдетинин жайылышына каршы биргелешип күрөшүү маселеси тууралуу да сөз болуп, парламент төрагалары бул жаатта чогу-чаран кызматташуу зарылчылыгына токтолушту. Ал эми Талант Мамытов пандемия маалында Кыргызстанга көрсөткөн материалдык-техникалык жардамы үчүн Корея Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Төрагасы Пак Бён Сок жылуу кабыл алгандыгы үчүн Талант Мамытовго ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түштүк Корея элинин ортосунда окшоштуктар арбын экенине токтолду.

«Кыргызстан Борбор Азиядагы эң демократиялашкан өлкө болуп эсептелет. Ачык-айкындуулугу менен аймакта өзгөчөлөнүп турат», — деген Пак Бён Сок Корея парламенти Кыргызстан менен байланыштарды чыңдоого өзгөчө маани берерин белгилеп, айтылган маселелердин бардыгы караларын кошумчалады.

Жолугушуу соңунда тараптар пайдалуу маалыматтарды бөлүшкөндүктөрү үчүн бири-бирине ыраазычылык билдиришип, парламенттер аралык кызматташтыкты жигердүү улантуу зарылчылыгына токтолушту.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

800