7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын түштүгүндө бир нече ирет жер титиреди

228

10-апрелде Кыргызстанда үч ирет жер силкинди. Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде дагы бир жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунан маалымдашкандай, биринчи жер титирөө саат 08:36да катталып, анын күчү очогунда 3 баллга жакын болгон. Табигый кырсык Кыргызстандын аймагында, тактап айтканда Тоскоол айылынан түндүк-батышка карай 8 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан чыгышка карай 18 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-батышка карай 43 чакырым аралыкта жайгашкан. Калктуу пунктарда жер титирөөнүн күчү 2 баллга жакын сезилген.

Ошондой эле 09:15те Тажикстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Баткен шаарынан түштүккө карай 110 чакырым аралыкта жайгашкан, кырсык калкттуу пункттарга сезилген эмес.

Андан кийин Кыргызстанда очогунда күчү 3 баллга жеткен дагы эки жер титирөө катталган. 15:04төгү жер титирөө Ак-Таш айылынан түндүккө карай 17 чакырым, Каныш-Кыя айылынан түндүк-батышка карай 22 чакырым, Терек-Сай айылынан түндүк-батышка карай 42 чакырым, Баткен шаарынан түндүккө карай 192 чакырым аралыкта болуп, калктуу пункттарга жер титирөө сезилген эмес.

Ал эми 16:01деги табият кырсыгы Арал айылынан түндүк-чыгышка карай 5 чакырым, Теш айылынан түндүк-чыгышка карай 9 чакырым, Сузак айылынан түндүк-батышка карай 12 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түштүк-батышка карай 20 чакырым жана Андижан шаарынан түндүк-чыгышка карай 38 чакырым аралыкта жайгашкан. Арал жана Теш айылдарында жер титирөө 2 баллга чейин сезилген.

 

 

 

 

 

229