3-январдан 5-январга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу» автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында, «Ала-Бука — Каныш-Кыя» автоунаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана «Красная-Горка — Акташ» автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл!