Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун Кыргызстанга сапар менен келди.
“Манас” эл аралык аэропортунан вице-премьер Лю Гочжунду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп анда көзөмөл-өткөрүү жайлары, соода жүгүртүү, транспорт, курулуш, тоо-кен, билим берүү тармактарындагы маселелер боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, ошону менен бирге маданий программалар уюштурулат.