Кыргызстандын аймагына оң рулдуу автоунааларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылып жаткан жеринен Казакстандын жарандары кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-августунда «Чон-Капка-Унаажолу» өткөрүү пунктунан Кыргыз мамлекетинин номуру тагылган “Toyota Estima” үлгүсүндөгү унаалардын партиясын өлкөгө мыйзамсыз жол менен алып өтүүгө аракет кылып жатканда кармалган.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул иштин алкагында Кыргыз Республикасынын 1 жараны «Н.С.» жана Казакстан Республикасынын 2 жараны «С.Т.» жана «М.Х.» кармалышып, Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык камака алынышты. Учурда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар улантылууда», — деп берилет маалыматта.