7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоору боюнча мыйзамга кол коюлду

425

Президент Садыр Жапаров «2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 19-июнунда кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты 2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн, КР Министрлер кабинетинин жана Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары – Макулдашуу) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу болуп саналат.

Мыйзам «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берет. Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө олуттуу көмөк көрсөтөт. Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланат жана Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана жакынкы Чыгыштын рынокторуна жол ачат, анын ичинде, Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат.

Долбоор эл аралык рынокто жүктөрдү жеткирүүдө аралыкты жана убакытты кыскартуунун эсебинен транзиттик ташуулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат.

426