7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдын жарандарын карактап кетишкен чет өлкөлүк жарандар кармалды

516

Кытайдын жарандарын карактап кетишкен чет өлкөлүк жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Кытайдын жараны Ч.Я. кайрылып, анын үйүнө кирип, каракчылык кылып, ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген кылмышкерлерге карата чара көрүүнү суранган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ушул жылдын 13-сентябрында саат 17:00 чамасында Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан батирге белгисиз адамдар киришкен. Кол салгандар тапанча менен коркутуп, физикалык күч колдонуу менен Кытайдын жаранын (аял кишини) байлап коюшкан, андан соң күйөөсүнүн келишин күтө башташкан.

Саат 23:00 чамасында Кытайдын жараны 1993-жылы туулган Ч.Л. (күйөөсү) үйгө келгенде, кол салгандар ага физикалык күч колдонушуп, курал менен коркутушуп, акча жана баалуу буюмдарды талап кыла башташкан. Кол салгандар 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, уюлдук телефондорду, планшеттерди жана ноутбуктарды тартып алышып, качып кетишкен. Жабыркагандарга олуттуу материалдык зыян келтирилген.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси “Каракчылык” менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү жарандар аныкталып, кармалган. Кармалгандар КМШ мамлекеттеринин жарандары 2000-жылы туулган А.Б. жана 1991-жылы туулган Х.Б. болушкан.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, каракчылыкка катышкан кылмышкерлер “ишке” кылдат даярданышкан. Кармалгандардын жашаган жерине тинтүү учурунда Макаров тапанчасына окшош курал, шаймандардын жана жабдыктардын топтому, анын ичинде дрондор табылып, алынган.

Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилип, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

517