Бүгүн, 19-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанда кармалып жаткан чек арачыларды бошотуп чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, учурда эки тарапта тең абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
«Ташиев башында турган күч структураларынын өкүлдөрү Тажик аскерлери барымтага алган УКМКнын 4 аскер кызматкерин бошотуп келишти. Саат 21:00дө Ташиев 4 чек арачы менен «Кызыл-Бел» көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандын аймагына кайтып келди»,-деп берилет билдирүүдө.