7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыз-келиндерге өзүн-өзү коргоо боюнча бекер окуулар башталат

799

Кыз-келиндерди өзүн-өзү коргоого үйрөтүү программасынын 2021-жылдагы акыркы этабы башталды. Бул тууралуу АКШнын Өзбекстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгуулар ноябрь айында башталып, үч айга созулат. 13 жаштан 18 жашка чейинкилер жана 18 жаштан жогоркулар деп эки топко бөлүнөт. Булардын ар биринде 30дан ашык эмес киши болот.

Бул окутуунун жүрүшүндө катышуучулар физикалык зомбулуктан коргонуунун бир нече ыкмасын, өзүн жакшы формада алып жүрүүнүн жолдорун жана жаңжалдарды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө жана стрессти башкарууга үйрөнүшөт.

Физикалык даярдыгына жана буга чейинки машыгуулардагы тажрыйбасына карабастан бардык кыз-келиндер катышса болот.

Эскерте кетсек, укук коргоо органдарынын маалыматтарына ылайык, акыркы жылдары, өзгөчө пандемия учурунда Өзбекстанда аялдарга карата зомбулук көбөйгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

800