7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызматка кыянаттык кылган дагы эки аткаминер кармалды

789

Кызматка кыянаттык кылган дагы эки аткаминер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын бири Каракол шаардык кеңешинин депутаты, экинчиси КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин аймактык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенишкен.

2021-жылдын 5-мартында КР УКМК ККК ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Каракол шаардык кеңешинин депутаты «Ч.Т.Ч.» жана КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин 4чү номурдагы ‌аймактык бөлүмүнүн башчысы «К.К.У.» кармалды.

Такталгандай, Каракол шаардык кеңешинин депутаты «Ч.Т.Ч.», 2015-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде «Дорстройсервис» ЖЧКсынын негиздөөчүсү болгон учурунда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен, КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин No4 аймактык бөлүмүнүн башчысы «К.К.У.» менен жең учунан сүйлөшүп алышып, аталган ЖЧК тарабынан Каракол шаарынын жол тармагын оңдоо иштеринин ашыкча көлөмүн аткаруу үчүн келишимдерди түзүшкөн.
Кармалган адамдар Каракол шаардык ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо жана ошондой эле аталган фактыларга башка кызмат адамдарынын тиешеси бардыгы боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

790