УКМК тарабынан «Кызыл-Кыя унаа куруу заводун» АТАКты жеке жактарга өткөрүп берүү фактысы аныкталды.
Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү бар «Кызыл-Кыя унаа куруу заводу» АТАК Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына кайтарылды. Бул заводдун жалпы аянты 22,89 гектар, болжолдуу баасы 4 млрд 74 млн 650 миң 494 сомду түзөт.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирүүнүн ушул сыяктуу башка фактыларын аныктоо боюнча иштерди улантууда, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча чаралар көрүлүүдө.