7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Апас Жумагулов менен жолукту

170

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, Кыргызстандын баатыры Апас Жумагулов жана анын жубайы менен президенттин Администрациясынын “Ынтымак Ордо” имаратында жолугушту.

Мамлекет башчысы Апас Жумагуловдун Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салымын, айрыкча, ал өкмөттү жетектеп турганда, өлкө татаал кырдаалга туш болгондо, саясий жана экономикалык кризистен чыгуунун жолун тапканын белгиледи. Садыр Жапаров Апас Жумагуловдун жетекчилиги астында өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн айтып өттү.

Президент Апас Жумагулов сыяктуу көрүнүктүү инсандардын жана мамлекеттик ишмерлердин портреттери мамлекеттик мекемелердин дубалдарында илинип турушу керектигин баса белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров 2024-жылы КРнын экономикалык, социалдык жана маданий калыптанышына зор салым кошкон КР баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгын белгилөө максатында президенттин фондунан Апас Жумагуловдун параддык портретин президенттин Администрациясынын “Ынтымак Ордо” имаратынын коридоруна орнотуу үчүн президенттин иш башкармасына каражат бөлүнөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Апас Жумагулов Мамлекет башчысына көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык айтып, мындан ары да өлкөнүн бакубаттуулугун жана гүлдөп өнүгүшүн чыңдоого активдүү көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Садыр Жапаров Апас Жумагуловго эстеликке белектерди тапшырып, анын мамлекеттин өнүгүшүнө жана элге кызмат кылуудагы көп жылдык салымы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

 

 

171