7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте курулуш материалдарын чыгарган ишкана ишке кирди

544

Лейлек районуна караштуу Жеңиш айылында курулуш материалдарын иштеп чыгаруучу муниципалдык ишкана курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкананы курууга мамлекеттен 5 млн сом, Ак-Суу айыл өкмөтү тарабынан 2 млн 400 миң сом өздүк салым катары жумшалган.

Учурда керектүү бардык жабдуулар орнотулуп,ишкана алгачкы продукцияларын чыгарууда: пескоблок, брусчатка, шакектер, суу ноолору, электр мамычаларынын үлгүлөрү.

Ак-Суу дарыясынын жээгинде жайгашкан ишканада сырье маселеси жок, дарыядан эң жогорку сапаттагы кум шагылдар иштетилет. Муниципалдык ишканада 8 жумушчу орду түзүлдү.

9da41a46-ac6b-479e-911e-2074d6faa1fb

cc9b3d8c-a951-4fd7-9c2f-d204145f088a

8a1221fe-abb3-4765-81f5-be908992c47f

0a978187-528c-40fb-af4d-83270b41c97c

545