7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лондон шаарынын мэри коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин жарыялады

434

Лондондун мэри Садик Хан жаңы коронавирустук инфекциянын жайылышынан жана ооруканаларда COVID-19 менен ооругандардын санынын көбөйүшүнөн улам шаар өзгөчө кырдаалга туш болгонун айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышууда.


Маалыматка ылайык, январь айынын башына карата Лондондо COVID-19 оорусунун көрсөткүчү 100 миң тургунга 1000ден ашкан.


Садик Хан Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсондон Лондон шаардык мэриясына кеңейтилген ыйгарым укуктарды, анын ичинде диний чогулуштарга тыюу салуу жана эл көп чогулган ачык жерлерде маска кийүүгө милдеттендирүүнү суранды.
Мэр Лондон шаарынын тургундарын үйдө отурууга үндөдү.


«Эгерде биз тезинен чара көрбөсөк, анда биздин саламаттыкты сактоо тутумубуз мындай жүктү көтөрө албай калат жана дагы көп адамдар өлөт», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

435