7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маданият министрлиги Кыргызстанда Tik Tok тиркемесинин ишин токтотуу чечимин кабыл алды

1070

Маданият министрлиги Кыргызстанда Tik Tok сервисинин ишин токтотуу чечимин кабыл алды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дарегине бир катар бейөкмөт уюмдардын “Tik Tok” социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулары көбөйдү.

Белгилей кетсек, “Tik Tok” колдонуучуну кыска клиптердин виртуалдык дүйнөсүнө батырат, аларды көргөндөн кийин өспүрүмдөр тигил же бул клиптерди кайталоого аракет кылышат, алардын айрымдары балдардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Мындан тышкары, балдардын жаңы калыптанып келе жаткан психикасы али туруктуу эмес, мындай контент көз карандылыкты жаратып, өсүп келе жаткан муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизет.

Ушуга байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бул социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө “Tik Tok” платформасын колдонууда балдардын ден-соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана ошондой эле курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жаткандыгы аныкталган.

Көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен жана жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагында “Tik Tok” кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында андан ары ишке ашыруу үчүн өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1071