7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майлуу-Суу мектептеринде профилактикалык иштер жүрүүдө

484

Майлуу-Суу ШИИБдин кызматкерлери тарабынан шаардык мэрия, билим берүү жана социалдык өнүгүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан, ар түрдүү кырсыктардан алыс болууга үндөштү. Аларды кышкы суук мезгилдерде түнкү убакыттарда себепсиз көчөгө чыкпоого жана жол эрежелерин так сактоого чакырышты.


Ошондой эле коронавируска каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуучуларга санитардык нормаларды сактоо зарылдыгы эскертилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

485