7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Малдарды идентификациялоодон мурун Суусамырга интернет орнотуу керек

675

Бүгүн, 25-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү боюнча Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматы угулду.
Талкуу маалында депутат Тынчтыкбек Конушбаев малдарды идентификациялоодо айылдарда интернет жок экендигин белгилеп: «Маселен, Суусамыр өрөөнүндөгү айылдар интернет менен толук камсыздалган эмес. Анан кантип идентификациялоо толук кандуу ишке ашат?» — деген суроо койду.

Өз кезегинде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Айдарали Сарыков аталган маселе курч бойдон калып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле Тынчтыкбек Конушбаев жыл сайын Суусамырга Таластын жана Чүйдүн малы багылаарын билдирип: «Оору жергиликтүү элдин малынан чыкпайт. Башка жактан баргандардан жугат. Андыктан, өрөөнгө барчу жолдогу өткөрмө жайларга атайын көзөмөлдөө борборлорун ачуу керек. Тыкыр текшерүү жүргүзүү менен гана илдеттердин алдын алууга болот», — деди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

676