7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекетке 147 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды

446

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекетке кайтаруу жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого каршы күрөшүү иштерин улантып жатат. Анын натыйжасында жалпы аянты 0,58 га болгон баасы 147 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

2008-жылы Коргоо министрлигинин айрым кызматкерлери ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзамдык жол-жоболорду бузуу менен министрликтин балансынан 0,58 га өлчөмүндөгү жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз алып чыккандыгы аныкталды.
2008-жылдан 2022-жылга чейин белгиленген жер тилкеси бир нече жолу ар кандай адамдарга, анын ичинде ишканаларга катталган.

УКТдан түшкөн кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу максатында бул участок «Б» ЖЧКсына сатылып алынган жана таризделген. Бул компаниянын уюштуруучулары К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун аффилирленген жактары болуп саналат.

Учурда бул жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүүгө катыштыгы бар Коргоо министрлигинин кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу максатында тергөө иштери улантылып жатат.

447