Өлкө аймагында 7-8-сентябрда күн кескин сууктап, үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк жеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Ош, Баткен жана Нарындын айрым жерлери жаан-чачындуу болот.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
- Чүй чөлкөмүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18 градус;
- Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23, тоо этектеринде түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;
- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +8…+13;
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;
- Нарын аймагында түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18, бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10 градус болот.
8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт.