Кыргызстандык боксчу Орзубек Назаровду УКМК суракка алды.
Маалыматка ылайык, анын кримтөбөл Өзбекстандын жараны, Салим байбача каймана аты бар белгилүү Салимбай Абдувалиев менен байланышы бар экендиги аныкталганын айтты.
УКМК Назаровдун видеосун тараткан. Анда спортчу Абдувалиев 2023-жылы дүйнө жана Олимпиада чемпиондорунун баарын сый тамакка чакырганын билдирген.
«Түшкү тамакты ичип, кетип калганбыз. Биздин мамлекеттин саясатын толугу менен колдойм, криминал жана Салимбай менен байланышым жок жана болгон эмес», — деди ал.