Мамлекеттик тил комиссиясы түз президентке карап, кайра түзүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик тил комиссиясы Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия болуп кайра түзүлгөн. Ал эми тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Улуттук комиссиянын карамагына президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборуна өзгөртүп түзүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы “Кыргыз энциклопедиясы” башкы редакциясы” мекемеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссиясы;
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү менен “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси.