Салык кызматы төрага Талант Мамытовдун 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча декларацияда көрсөтүлгөн мүлктөрүн жарыялады.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы ал 703,3 миң сом киреше тапса, анын 550 миң сомун чыгашалаган. Ошондой эле ага тиешелүү турак үй, автоунаа жок.
Буга ылайык төраганын жердеши Азиза Абдрасулова ага боору ооруганын жазып, сарказм менен чымчып өттү: «Иий, байкуш кайним, Турдумамат акам ушунча байлыгы менен сага бир времянка салып бербей койдубу? Гүлай жеңем деле айтып десе болот эле го, каап. Акамдарга бир жолукканда айтпасам. Капа болбо. Элге кызмат кылып турсаң баары табылат. Бишкектеги, баягы биз акан экөөбүз барган квартира өзүңдүкү эмес турбайбы?», — деп жазды.
Төраганын декларацияда көрсөтүлгөн мүлктөрүнө таң калып, бир жагынан боору ачыгандардын саны арбын.