7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» аэропортуна бараткан жолдогу кырсык: Кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда

911

Бүгүн, 24-апрелде Чүй ОИИБдин жетекчилиги №3 балдар ооруканасына барып, «Манас» аэропортуна бараткан жолдогу кырсыктан жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-апрелде жол кырсык боюнча кылмыш иши козголгон. Жол кырсыктын кесепетинен 27 окуучу ооруканага жеткирилип, үчөө үйүнө жөнөтүлгөн.

«Учурда 15 окуучу ооруканадан чыгарылган. Калгандары ооруканада, бир окуучу менен маршрутканын айдоочусу жандандыруу бөлүмүндө. Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Жабырлануучуларды жана мыйзамдуу өкүлдөрүн суракка алуу, айдоочулардын айдоочулук күбөлүктү алуунун мыйзамдуулугу, документтердин жана техникалык талаптарга ылайыктуулугу, унаалардын абалы текшерилип, такталууда. Тергөө иштери уланууда» — деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

912