Бүгүн, 22-майда “Манас” эл аралык аэропортуна бомба коюлган деген маалымат такталган жок. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирип, аэропорт кадимки тартипте ишин улантып, пландалган рейстер аткарылып жатканын кабарлады.
Жарылуучу зат коюлган деген маалыматтан улам аэропорттун кызматкерлери менен жүргүнчүлөр эвакуация болгон.
Эске салсак, 16-майда да ушундай эле маалымат түшүп, анда да аэропорттон жардыруучу зат табылган эмес.