7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маратбек Акимбеков «ОшТВ» телеканалына директор болуп барды

1103

Азаттыктын Оштогу кабарчысы Маратбек Акимбеков бүгүн, 29-сентябрда «ОшТВ» телерадиокомпаниясына башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу телеканалдын журналисттери социалдык тармактар аркылуу кабарлады.

Маратбек Акимбековдун бул кызматка барышы тууралуу мындан 1, 2 жума алдын социалдык тармактарда маалымат тараган.

Эске сала кетсек, «ОшТВнын» учурдагы директору Керимбек Калыкулов бул кызматка 2015-жылы дайындалган. Ортодо бир жыл мамлекеттик «ЭлТР» телерадиокомпаниясына директор болуп,  белгисиз себептерден улам кайра ОшТВга барган.

Ал эми жаңы директор Маратбек Акимбеков эмгек жолун дал ушул «ОшТВ» телеканалында жаңылыктарга кабарчы болуудан баштаган.  Ортодо, «Ош Пирим», «ТМG», «7-канал» телеканалдарында кабарчы болуп эмгектенген. Акыркы учурда «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы болуп иштеп жаткан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1104