7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мас айдоочуну жазалоо тууралуу жаңы мыйзам коомдук талкууга коюлду

915

Мас айдоочуларга карата жазаны катаалдатуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду. Депутат Марлен Маматалиев сунуштап жаткан долбоор колдоо тапса Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Укук тартибин коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилет.

Сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса мас абалында машина айдап эреже бузгандар 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Азыркы мыйзамда бул мөөнөт 8 жылга чейин деп көсөтүлгөн.

Алкоголдун концентрациясынын жол берилген чегинен ашкандыгы үчүн айыппул азыр 17,5 миң сомду түзөт, жаңы эреже кирсе 50-80 миң сом болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

916