Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынында жайгашкан медреседе Гулистан айылынын тургуну 16 жаштагы М.М. өз ара пикир келишпестиктен улам, Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну жашы жете элек 14 жашар Ш.Ф.ны учтуу нерсе менен сайып жиберген. Анын кесепетинен бала алган жаратынан улам, аймактык ооруканасына медициналык жардамга жетпей каза болгон.
Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине экспертиза дайындалган.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Муфтияттын маалыматына ылайык, 14 жашар баланы дем салдырууга медресеге 3 күнгө таштап кетишкен, бала ал жерде окучу эмес. Ал эми кылмышка шектелген 16 жаштагы бала медреседе билим алып келген.
“Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн жумушчу топ түзүлдү. Окуя түндө болгон. Түрдүү версиялар айтылып жатат, андыктан жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы менен дагы маалымат беребиз”, — деп билдиришти муфтияттан.