7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Мега” компаниясы Зардалы айылына уюлдук байланышты орнотту

377

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, “Мега” компаниясы Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына уюлдук байланышты орнотту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Эске салсак, Мамлекет башчысы аталган айылга ушул жылдын 29-сентябрында барган.

“Айыл тургундары жол салуу жана электр жарыгын жеткирүү менен катар уюлдук байланыш көйгөйүн чечип берүүнү өтүнүшкөн. Президент Садыр Жапаров Администрациясынын кызматкерлерине тийиштүү тапшырмаларды берген. Бүгүн “Мега” компаниясынын башкы директору Эльнар Субакожоев Мамлекет башчысына Зардалыдан байланышка чыгып маалымат берди”,-деп берилет билдирүүдө.

 

378