Милиция кызматкерлери тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Такталгандай, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты М.Б.А. жана милициянын капитаны М.Б.Б. жеке баюу максатында алар уюлдук телефонду уурдоо фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында маселени оң чечип берүү үчүн жарандан 160 миң сом талап кылышкан.
11-июлда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган милиция кызматкерлери опузалап 20 миң сом өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган.
13-июлда кызматкерлер КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча кылмыш жасаган деген шек менен тергөө камак жайдын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.