7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр Купешов Баткендеги мектеп, бала бакчалардан кабар алууда

640

Кечээ, 14-сентябрь Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы бала бакчалардын, мектептердин жана кесиптик окуу жайлардын жаңы окуу жылына даярдыгы менен таанышышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр шаардагы №7 кесиптик лицейдин жатаканасын текшерип чыккан соң  имаратын кеңейтүү, студенттер үчүн тигүү цехин жана техникалык тейлөө станциясын ачуу аркылуу кошумча финансылык булактарды табуу сунуштарын айтты.

Андан соң Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда жетекчилер окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, оңдоо иштери менен таанышып чыгышкан.

Ушундай эле жолугушуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында бардык мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Жолугушууда райондогу айрым мектептердин спорт залын оңдоо, кенже кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу ж.б. маселелер козголду.

Министр бүгүн Баткен облусунун Лейлек районунда иш сапарын улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

641