7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлик: Малды мамлекеттик каттоодон өткөрүү зарыл

406

Малды милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүү керек. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги фермерлерге эскертет.

Маалыматка ылайык, ири чарбаларга өз ара эсеп жүргүзүү үчүн кошумча бирка такканга уруксат берилет.

«Бирок ЖИКС маалыматтык тутумуна мамлекет тарабынан гана берилген бирка катталат. Мал-жандыкты идентификациядан өткөрүү жеке ветеринардык адистер тарабынан бирка тагуу, чип басуу жана ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизүү менен ишке ашырылат. Жеке ветеринардык адистер айлык албагандыгына байланыштуу көрсөткөн кызматы үчүн мал ээсинен акы алат. Акы жергиликтүү бийлик тарабынан бекитилет», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик тарабынан кызматтар үчүн орточо баа жарыялаган:

Жылкыларга чип тагуу – 150-200 сом;

Ири мүйүздүү малга, чочколорго бирка тагуу – 50 сом;

Койлорго чип тагуу – 20 сом.

 

407