Бишкек шаарынын мэринин милдетин атаруучу болуп дайындалганына 3 күн болгон Айбек Жунушалиев, бүгүн 16-августта мэриянын аппарат башчысын алмаштырды. Мэриянын маалымат кызматы Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Миргазы Исаков дайындалганын кабарлайт.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев кол койгон.
Миргазы Исаков- 1976-жылдын 2-мартында Фрунзе шаарында төрөлгөн. Буга чейин Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын уюштуруу-текшерүү иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору кызматын аркалап келген.
«Дайындоо ротациялык негизде Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 17-июнундагы № 226 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында саясий кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматкерлерди ротациялоо жөнүндө» жарлыгына ылайык жүргүзүлдү», — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.