7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мирлан Самыйкожо: Тууну өзгөртөбүз дегендердин өзү күн карама

615

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүү боюнча оюн айтып, спикердин демилгесине каршы чыкты.

«Желектен башка нерселерибизди эле жазайлычы. Мамлекетибиздин ыйыгына тийбей эле коёлучу. Эгерде биз тууну арбайтып-тарбайтып салсак «лопух» болуп калат, анын кыргызчасы уйгак. Башка иштерибиз кокодон болуп турганда тууну өзгөртүүгө киришсек элибиз кечирбейт», — деди Самыйкожо.

Депутат көпчүлүк эл мындай сунушту колдобой жатканын белгиледи. Ал түндүктүн чекесиндеги күндүн нуру коломтодогу оттун, жалындын да белгиси экенин айтты.

Анда Нурланбек Шакиев туунун авторлору да түп нускасы өзгөрүп кеткени боюнча айтып жатканын билдирди.

«Желекти ким күн карама десе, авторлордун өздөрү күн карама. Күн тийген жердин күкүгүндөй ар кайсы жерди айланып жүрүшөт. Бирөөнүн айдагына айдалып келгендер ошентип айта берет»,- деп жооп берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

616