Чүйдө салык системасындагы туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын органдарындагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, Кыргызстандын жарандарынан мүлк салыгы боюнча салыктык карызы жок экендиги жөнүндө маалым каттарды берүү учурунда опузалап жана ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алуунун коррупциялык механизмин уюштурган Чүй облусунун Москва районуна караштуу мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду.
Козголгон кылмыш иштердин алкагында, Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына караштуу жергиликтүү салыктарды жыйноо жана текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору «У.П.А.» жана башкармалыктын аталган рейддик салык контролу бөлүмүнүн башкы инспектору «С.А.Б.» кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып жана ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органдарына кийин күбөлүк берүү боюнча, жана ошондой эле салыктык текшерүү жүргүзүү жана мүлк салыгы боюнча салык карызынын жоктугу жөнүндө маалым кат берүү боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн, КР «А.Д.А.» аттуу жаранынан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын мыйзамсыз түрдө талап кылган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.