7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвадагы теракт. ТИМ кармалган Алишер Касимов Кыргызстандын жараны эместигин айтты

163

«Крокус Сити Холлдогу» кол салуу боюнча шектүү катары кармалган Алишер Касимов Кыргызстандын жараны эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда туулган Алишер Касимов Кыргыз Республикасынын президентинин 2014-жылдагы жарлыгына ылайык өлкөнүн жарандыгынан чыккан.

«Ушуга байланыштуу аталган жарандын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери Кыргызстандын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн жана консулдук мекемелердин компетенциясына кирбейт», — деп билдирди ТИМ.

Буга чейин Алишер Касимов Красногорск шаарында жашаган ишкер экени маалымдалган.

«Мен Красногорск шаарында кафе иштетем, жеке ишкермин», — деген Алишер Касимов.

 

 

Тергөө аныктагандай, ал «Крокус Сити Холлдо» теракт жасоого шектелип жаткан адамдарга ижарага батир берген. Алишер Касимов сотто алардын пландары тууралуу эч нерсе билбегенин, болгону «Авито» кызматы аркылуу аларга батир ижарага бергенин айткан. Басман соту тергөө учурунда аны камакка алуу чечимин чыгарды.

Эске салсак, 22-мартта Москванын четиндеги «Крокус Сити Холлдо» теракт болгон. Музыкалык топтун концертине миңдеген адамдар барышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, камуфляж кийген белгисиз төрт адам имаратка кирип, адамдарга туш келди ок чыгарышкан. Бул кол салуу боюнча сегиз шектүү камакка алынды.

Ал эми Орусиянын Тергөө комитетинин алдын ала маалыматы боюнча, 139 адам каза болгон.

164