7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муфтий ташталган ымыркайлар боюнча курч билдирүү жасады

670

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев таштандыга ташталган ымыркайлар боюнча пикирин билдирди.

«Акыркы күндөрү адамдын денесин титиреткен, барыбызды кайгыга салган окуя болуп жатат. Үч ымыркай таштандыдан табылды. Эсибизге келели! Айбан болсо да өзүнүн баласын коргойт. Тоок да жумуркасы үчүн жанын берет. Кандай адам өзүнөн жаралган наристени таштандыга таштайт? Мунун кесепети аларга гана эмес, баарыбызга тиет. Ата-энелер, балдарга аяр мамиле кылалы. Окутабыз деп шаарга жөнөтүп ийип, карабай коюп жатышат. Кесепети ушул болуп жатат. Бактылуу үй-бүлөдө баланы алып келип, таштап койбойт. Бул туура эмес жолдор менен баланы төрөп койгон же башка себептер бар. Болбосо кайсы эне баласын таштайт?»,- деди муфтий.

671