Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
«Урматтуу кыргыз элим! Акжол уулум баарыбызга жакшы маанай тартуулады окшойт, үй-бүлөбүздөгү кубанычты тең бөлүшкөнүңүздөргө чоң рахмат.
Акжол баратканда чемпион болсоң аэропорттон Хабибди (ред:. UFC`нин жеңилбес чемпиону жана промоушендин мыкты мушкери) тоскондордой тосуп алабыз деп убада берген элем, жалганчы болуп калбайын», — деп, Акжол Махмудов 17-сентябрь эртең мененки саат 05:10до «Манас» аэропортуна конорун социалдык тармактагы баракчасына билдирди.