7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Мурас” аталышындагы кичи-футбол уюштурулду

470

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкекте Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин ортосунда “Мурас” аталышындагы кичи-футбол боюнча республикалык турнирдин ачылышы болду.

Оюндун ачылышын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев ачып берди.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Президенттик “Мурас” достук кубогун улай, Агенттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин ортосунда “Мурас” аталышындагы кичи-футбол боюнча республикалык турнири жыл сайын өтүүдө. Оюнга республиканын 7-облустунан келген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерлеринин командалары катышууда.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө 1-орунга 35 000 сом, 2-орунга 30 000 сом, 3-орунга 25 000 сом сыйлык каралган.

471