Жекшембиде күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +15…+20, Талас аймагында +14…+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15…+20, Ысык-Көл жана Нарын дубандарында +11…+16 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарында күндүн табы +18…+20 градуска көтөрүлөт.