7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз акча чогултуп жүргөн 2 компания аныкталды

511

«Эркеч-Тамда» жүк ташуучулардан мыйзамсыз акча чогултуп жүргөн 2 компания аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Д” жана “А” мекемелери чек арачылар менен сүйлөшүп алып оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан кезекке туруу үчүн 1000 сомдон, жабдууларды кайра жүктөө үчүн кран колдонууга 100 доллардан алышып жүргөн.

Салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 14 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурулду.

Чек ара кызматкерлерине карата тергөө иштери уланууда.

УКМК министрликтерде, ведомстволордо жана мамлекеттик мекемелерде коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

512