Мыйзамсыз интернет дүкөн ачып, айдоочулук күбөлүктү сатып жүргөн шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү социалдык мессенджерлерде «TOPDARKNET» интернет дүкөнүн түзүп алып, ар кандай пабликтерде МККда расмий катталган айдоочулук күбөлүктүн бардык категорияларын даярдоо мүмкүнчүлүгү тууралуу кулактандырууларды таратуу менен алектенип жүргөн. Ал элдердин акчаларын «О-Деньги» аркылуу алып жүргөн.
Аталган маалымат Кылмыштардын бирдиктүү реестеринин 209-беренеси менен (алдамчылык) катталган. Тергөө иштеринин натыйжасында 2003-жылкы И.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган жак банктык картаны, ошондой эле «TOPDARKNET» интернет-дүкөнүнүн баракчаларына кошулган уюлдук телефонду өз ыктыяры менен берген.
Учурда кармалган жарандын кылмыштарынан жабыр тарткан башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.