7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин Нью-Йорк шаарына учуп барган учагы акысыз болгон

513

Президент Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына (АКШ) учуп барган учагы боюнча президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев түшүндүрмө берди.

«Урматтуу достор, өзүңүздөр билгендей, кыргыз делегациясы Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышып, Кыргызстанга кайтып келди. Болуп жаткан окуялардын фонунда президенттин БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарына жеке өзү катышуусу боюнча чечим эң акыркы убакта кабыл алынды. Мамлекет башчысы дүйнөлүк бийик трибунадан дүйнө коомчулугуна чек арадагы кырдаалга байланыштуу чындыкты, объективдүү маалыматтарды, маселенин таржымалын жеткиргени туура деген бүтүмгө келди. Бул иш сапар башталганда кызуу талкууланган теманын бири президенттин учагы болду. Ушуга байланыштуу, айрым тактоолорду киргизип кетким келет. Жылдын башында сиздерге Кыргызстан чет элдик сапарлар үчүн жаңы учак сатып аларын билдиргем. АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, тесттик режимде барып келдик. Кыргыз тарап болгону күйүүчү май менен камсыздады. Эгер кыргыз тарапты бардыгы канааттандырса, анда бул учакты лизингге сатып алуу тууралуу макулдашылган. Учак “№ 1 борт” катары чет өлкөлүк сапарларга чакан делегация менен чыгууга пайдаланылат. Бул учактын чыгымдары учурда колдонуудагы ТУ-154кө караганда өтө аз, үнөмдүү келет. Анын үстүнө ТУ-154 күйүүчү майды көп сарптаганы аз келгенсип, эскилигинен улам Европага, Америкага жете албайт. Учуу мөөнөтү дагы түгөндү. Азыркы учурда Bombardier Global Express XRS учагын лизингге сатып алуу боюнча акыркы чечим кабыл алына элек»,-деди ал.

Эске салсак, 21-сентябрда Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

514