Изи иңирди да жарык кылган, илеби түнү бою жанып турган, бардык апаат башына үйүлсө да, баласынын бактысы үчүн жаны курман ЭНЕҢ эле дүйнөдөгү миң тилдин бирине да которулбаган «АЛДЫҢА ГАНА КЕТЕЙИН» деген сөздү айтат.
Кыргыздын ЭНЕСИ гана толгоо жеткен жерден көз жарып, ымыркайды этекке салып, журтка көтөрүп келет. Керек болсо керемет элдин наристеси КАЙБЕРЕН менен КАРЫШКЫРДЫН да сүтүн эмет.
Элечек бузулса жигиттери АТКА ыргып минген намыстуу уулдарды да кыргыз ЭНЕ гана төрөйт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram