Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен “Кыргыз Туусу” гезитинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн 1,5 млн сом каражат жана автоунаа берилди. Бул тууралуу медиа форумда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзөв билдирди. Иш-чарада унаанын ачкычы гезиттин жетекчисине тапшырылды.
Эске салсак, Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында “Кыргыз журналистикасына 100 жыл” аталышындагы медиа форум өтүп жатат. Ага бийлик өкүлдөрү, медиа эксперттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.